Бул тууралуу КР күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Түркиянын Стамбул шаарында республикалык Кубок болуп өттү. Кыргызстандын намысын сегиз спортчудан турган курама команда коргоду. Жыйынтыгында, алар бир алтын, үч күмүш жана бир коло медаль тагынышты.
Грек-рим күрөшүндө Акжол Махмудов алтын медалга ээ болду. Халмурат Ибрагимов менен Абдыкерим уулу Куттубек экинчи орунга чыгышты. Эркин күрөштө Таалай Орузбаев экинчи, ал эми Кунай Нурдавлетов үчүнчү орунга татыктуу болушту.