Печать
Категория: Коом
Просмотров: 262

 

Мындай өзгөчө сунуш жазуучу, журналист Чолпонбек Абыкеев тарабынан жарыяланды.

 

 

 Чолпонбек Абыкеев Фейсбуктагы баракчасына мындай билдирүү  калтырды:

 

 «Урматуу калемдештер, жазмакерлер, журналисттер! Сиздерге кесиптеш катары кайрылам!?

 

Атамбаев Алмаз Шаршенович 6 жыл Президент болду. 6 жыл бою өзүнүн сөзү менен айтканда "Канын ичип" сындаган калемгер журналисттер көп болду. Арасында мен да жүрдүм. Жөндүү да жөнсүз да сынды жакшы эле укту. Чыдады. Чыдабай кетип соттошуп ийген учурлары да болду. Жаман жагы армансыз эле жазылды окшойт. Эми Президенттиктен кетээрине бир айча убакыт калды. Келгиле жалаң жакшы жагын жазалы. "Кара көз айнекти" алып коюп карасак Алмаз Шаршеновичтин жасасаган жакшы иштери деле нар көтөргүз. Тарыхта алтын тамгалар менен жазылып кала турган болду. Айрымдарын санайлы.Эгемендүү Кыргыз тарыхында биринчи жолу атаандаштык менен шайлоо өтүп Президент өз милдетин Баш мыйзамды бузбай, өзгөртпөй өткөзүп берүүдө. Бул Кыргызстанда эле эмес Коңшулаш мамлекеттерди алып караганда да биринчи жолу болушу. 6 жыл өлкөдө стабилдүүлүк өкүм сүрдү. Эки жолку мамлекеттик төнкөрүштүн кесепетинен дээрлик талкаланып мамлекет катары жок болуу денгээлине түшкөн мамлекетибизди кайра бутуна тургузду. Дээрлик көпчүлүк түшүнбөй маани бербей жатат. Дүйнөлүк денгээлде терең мааниси бар "Алтай цивилизациясы" илимий форумун өткөздү. Кыска айтсак . Бул деген "Дүйнөлүк маданият батыштан эмес чыгыштан, болгондо да кыргыздардан башталган"- дегенди түшүндүрөт. Коңшу мамлекеттердин жетекчилерине буга чейинки Президенттерче "чөгөлөй" бербей тең ата мамле кылды. Керек болсо орундарын көрсөтүп койду. "Кыргыздар мамлекеттүүлүккө жетип тарыха киргенде силер аали улут катары да жок болчусуңар"- деп. Ушинтип санай берсек жакшы жактарын арбын көрөбүз

Жогоруда айткандай Президенттик мөөнөтүнүн бүтөөрүнө бир айча убакыт калыптыр калемдеш катары баарыңардан өтүнөм! Келгиле жалаң жакшы жагын жазалы. Бир да жаман нерсе жазбайлы. Жок дегенде бир ай боюу жалаң жакшы иштерин окуп көңүлү толуп кызматын жайдары өткөзсүн. Мамлекеттик жетекчилерди иштеп турганда сындайлы. Иштен кетээрде, кеткенден кийин жалаң жакшы жактарын айтып мактоого алууну салтка айландыралы. Ошондо биз өзгөчө улут экенибизди дүйнөгө көрсөтөбүз».