Печать
Категория: Коом
Просмотров: 226

 

 

 

Коммерсант басылмасынын жазганына караганда, Американын президенти Дональд Трамп бийликке келген бир жылда жеке байлыгында чыгашага учураган.

 

 Forbes журналы жыл сайын рейтинг жүргүзүп, эң бай 400 америкалыкты аныктайт. Бул жолку рейтингде баштапкы үч лидер өзгөрүүсүз калган, алар – Билл Гейтс  өткөн жылкы  $8 млрд кирешесин  $89 млрд.ка чейин көтөргөн.

 

Экинчи орунда   Amazonду негиздөөчү Джефф Безос $81,5 млрд, менен, үчүнчү орун   78 млрд долларлуу  финансист Уоррен Баффеттке таандык.

 

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп мурдагы рейтингден төмөндөп, 248-орунга түшкөн. Бир жылда 92 позицияны жоготкон. Forbes аналитикасы Трамп бир жылда 600 млн долларын чыгымдаган деп түшүндүрөт.