Печать
Категория: Коом
Просмотров: 163

 

Ушул жылдын башынан бери Мамлекеттик салык кызматынын төрт кызматкери арыз-дооматтын негизинде иштен бошотулган.

 

 Маалыматка караганда, Мамлекеттик салык кызматы тогуз айда 132 жарандын арыз дооматын кабыл алган. Бардык дооматтар өз убагында каралып, тийиштүү чаралар көрүлгөн.

 

 Кызматтык териштирүү учурунда 37 арыздын алтоосу тастыкталган. Жыйынтыгында, төрт кызматкер иштен бошотулган. Анын экөөсү ишенимден чыкты деген формулировкага ылайыкталган. Дагы эки кызматкер катуу сөгүш алышса, үчөө сөгүш алышып, дагы алты кызматкерге эскертүү берилди.