Печать
Категория: Коом
Просмотров: 243

 

Фото взято с Facebook-страницы Улана Джумакова 

 

Соцтармакта Жээнбековдун артында туруп, анын чокусуна эки манжасын чыгарып, жаӊы президентти «коенек» кейпине келтирген Фарид Ниязовдун сүрөтү катуу талкууланды.

 

Бир секундга жетпеген учурда тартылган кадр миллиондогон ойлорду жаратты. Ал турмак Фарид Ниязовду «сүрөттү бузуучу» деп да аташты.

 

Жээнбековдун төбөсүнө чыгарылган манжаларды «алты жыл бою ушинтип турабыз дегени» деп да жибергендер табылышты.

 

А көрсө сүрөттүн «тарыхы» жөнөкөй экен. Бул соцтармакка ошол сүрөт тартылган иш чаранын кыска үзүндү көрсөтүлгөн видеонун коюлушу менен белгилүү болду. Сооронбай Жээнбеков шайлоо жыйынтыктары чыга баштаган маалда, атаандаштарынан алдыга озгону маалым болгон чакта журналисттер менен жолугушкан. Ошондо, Жээнбеков келатканда Фарид Ниязов эки манжасын журналисттерге көрсөтүп, «Эки гана суроо берилсин», - дегендей жаӊсаптыр. Чырк эткен фотоаппарат ошол секундда ишке кирип, Ниязовдун эки манжасынын тушуна Жээнбеков келген кезде тартып алыптыр.

 

Кээде башты катырган нерселердин жообу ушинтип өтө жөнөкөй болуп чыгат…