Онкология жана гематология Улуттук борборунун имараты толугу менен оңдолуп-түзөлдү. Анын ачылышына президент Атамбаев барып катышты.
«Бул жерде менин тууганым каза болгон. Мен качандыр бир кирип келгенде адамдын үмүтүн жандырган борбор курабыз деп кыялдангам. Адам урайын деп калган борборго киргенде үмүтү да урайт. Санааркабагыла, 4 млн долларлык аппаратка контракт түзүлгөн, биз оор абалдагы адамдарга да жардам берүүгө мүмкүнчүлүк табабыз», - деди президент.