Эмнегедир быйылкы президенттик шайлоо көптөгөн ызы-чуу, өйдө-төмөн сөздөр менен коштолгондой эле республикалык шайлоо штабынын жетекчиси да үчүнчү ирет алмашып отурат. Алгачкы башчы Д.Зилалиев Баткенде шайлоо мыйзамын бузуп, анын ордуна дайындалган Т.Жумакадыров автокырсыкка кабылып, каза болду. Эми шайлоо штабынын башчысы болуп биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов бекитилди. Ошондой эле премьер-министрдин жардыгы менен шайлоо штабынын башчысынын орун басары болуп өкмөттүк аппараттын башчысы Нурканбек Момуналиев, ал эми мүчөлүгүнө өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбековдор дайындалышты. Албетте, бул ирет биздеги президенттик шайлоонун кандай өтөрүнө бир эле кыргызстандыктар эмес, бүткүл дүйнө жүзү байкоо салып турат. Себеби оппозиция тарап бийлик административдик ресурсту колдонууда деп нааразы болсо, Ак үйдөгүлөр шайлоо таза, калыс өтөрүн айтып атышат. Канткен менен президенттик бийлик түбөлүк хандык династияга өтүп кеткен Борбор Азия өлкөлөрүндө демократиялык жол менен бийликти өткөрүп берүү эл аралык коомчулукка кызык эле болсо керек. Андыктан Т.Абдыгуловдун алдында өтө жооптуу да, тарыхый да миссия турат.
Булак: «Майдан. kg» гезити