“Өзбекгидроэнерго” ишканасы Кыргызстандагы Камбар-Ата -1 ГЭСинин курулушуна катышууну пландап жатат. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаевдин коңшу өлкөгө болгон сапары маалында “Өзбекгидроэнерго” ишканасы менен Кыргызстандын Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Буга чейин Атамбаев тараптар Камбар-Ата ГЭСин чогуу куруу боюнча макулдашканын билдирген. Ошондой эле Атамбаевдин сапары маалында тараптар биргелешкен дагы беш документке кол коюшту. Алардын арасында Кыргызстандан Өзбекстанга электр энергиясын жеткирүү келишими, Жалал-Абад облусундагы Орто-Токой суу сактагычын чогуу пайдалануу, аба транспорту жана эл аралык автомобиль байланышы тууралуу макулдашуулар бар. Андан тышкары мамлекет башчылар 1-декабрга карата чек ара маселесин толугу менен чечүү боюнча макулдашты. Бирок, Өзбекстан мындан ары өзү курулушуна катышкан соң биздеги ГЭСтерди башкарууну да колго алабы, жокпу, эмнегедир бул боюнча эки өлкөнүн тең расмий бийлиги унчукпай келүүдө.
Булак: “Майдан. kg” гезити