Печать
Категория: Коом
Просмотров: 148

 

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үстүнөн жазылган арыз  БШКда бүгүн, саат 16:00дө каралат. Талапкердин Ош аймагындагы Он-Адыр айылында сүйлөгөн сөзүнө  баа берүү өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына бир катар активисттер кайрылышкан.

 

Эске салсак, Он-Адыр айылында талапкердин сөзүнөн кийин аны коомчулук  кыргыз-өзбек элинин ортосуна чагым салуу аракетин көрдү деп айыптап чыгышкан. Бирок, талапкер ал сөзү админресурска каршы турууга  чакырык катары гана айтылганын билдирген.

 

Буга чейин Бабанов БШКдан эки жолу эскертүү алды. Биринчисинде, мамлекеттик жооптуу кызматта отурган Кубатбек Бороновдун сүрөтүн жарнамалык баннерине чаптаганы үчүн, экинчисинде диний ишмер Садыкжан Камаловду үгүт иштерине аралаштырганы үчүн эскертүү берилген. Шайлоо мыйзамы боюнча, талапкер үч жолу эскертүү алса, жарыштан четтетилет.

 

Өмүрбек Бабанов жарыштан четтелүү акыбалына жакындап калгандай. БШКнын бүгүнкү чечими талапкердин тагдырында чечүүчү ролду аткараары талашсыз.