Печать
Категория: Коом
Просмотров: 137

 

 

Жакында Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөн Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар отуздан ашык өлкөнүн ичинен 80ден ашык медалдарды утуп алышып, жалпы командалык эсепте 8-орунду камсыз кылышты. Өлкөбүздүн намысын коргогон спортчулардын көпчүлүгү студенттер болушту.  Алардын бири катары ийгилик жараткан кызыбыз Алтынай Мамарасул кызы 2 медалды багындырган. Өзү ОшМуда окуйт. 2-октябрда окуу жайдын жалпы жамааты студенттер менен биргеликте сыймыктуу кызын салтанаттуу тосуп алышты. Окуу жайдын ректору Каныбек Исаков өз сөзүндө, ОшМУнун студенти менен сыймыктана тургандыгын айтып, Алтынайдай кызды чоңойтуп өстүргөн ата-энеси ыраазычылык билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө ректор К.Исаков жалпы ОшМУнун жамаатынын атынан 25 миң сом акчалай каражат тапшырды. Ошондой эле педагогика жана дене тарбия факультетинде билим алган Алтынай Мамарасул кызы окууга бир жылдык контракт төлөөдөн бошотулду. А.Мамарасул кызы өз кезегинде ОшМУнун жамаатына ыраазычылык билдирип, келечекте дагы Кыргызстандын желегин эл аралык мелдештерде көтөрүү үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын айтты.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити