Бир тууган иниси Канатбек оор айыптоолор менен камалгандан кийин бийликке иштөөгө жигиттик намысы жол бербедиби же ансыз деле кетиришерине көзү жеттиби, айтор Канатбек Кедейкановичтин бир тууган агасы, ИИМдин адистештирилген мамлекеттик күзөт кызмат башкармалыгынын жетекчиси, генерал-майор Талантбек Исаев отставкага кетти. Бул кадрлык жүрүштү Канаттын камалышына байланыштыруунун кажети жок. Эгерде биздин гезиттин мурунку сандарын окуган болсоңуз, полковник Канатбек Токушевдин маеги жарыяланган. Анда ал Талант Исаевдин кыйла былыктарын ачыктаган. Ошондуктан да, эртеби-кечпи кетерин билген. Иниси камалгандан кийин кырдаалды куп гана пайдаланды да, “өзүм арыз жаздым”- деп чемоданын түйдү. Мындан тышкары, айрым маалымат каражаттарында Т.Исаев өзүнүн карамагындагы миңдеген кызматкерлерди жайында президенттикке талапкерлерге кол чогултуу учурунда бир тууган инисинин пайдасына кол коюга мажбурлагандыгы тууралуу маалыматтар жазылып жүргөн. ИИМдин Адистештирилген мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгында иштеген адистер Таланттын кетишин жакшылыкка ыроолошту. Анын ордуна дайындалган Улан Асановдон үмүт этип, кубангандар да көп.
Булак: “Майдан. kg” гезити