Экс-спикер Абдыганы Эркебаев Жогорку Кеңеш өз милдетин аткарбай атканын белгиледи:
"Шайлоого карата парламент депутаттары ишке чыкпай коюшту, Конституциялык милдеттерин аткарбай жатышат. Азыркы учурда иштеп, Шайлоо кодексинин аткарылышын көзөмөлдөп турушу керек эле. Жогорку Кеңеш качан иштейт, качан иштебейт регламентте так жазылган”, -деген Эркебаев жыйындын резолюциясына парламент тууралуу бир абзац кошууну сунуштады.
Анын сунушун кыймылдын мүчөлөрү колдоого алышты.
Равшан Жээнбеков “Депутаттар же иштесин, же ошондон ары тарап кетишсин”, - деди.
Белгилей кетсек, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын мүчөлөрү - экс-президент Роза Отунбаева, экс- депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар.