Премьер-министр Сапар Исаковдун жубайы борбордогу төрөт үйлөрдүн биринде көз жарды. Буга чейин жубайлар 3 кызды тарбиялап жатышкан.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 1-октябрда саат 16:40та жарык дүйнөгө келген ымыркайдын салмагы — 3,7 кг, бою — 52 см. Эне менен ымыркайдын абалы жакшы.
40 жаштагы С.Исаковдун жубайы Малика Арстанбекова (36 жашта) психолог адистигинин ээси жана илимдин кандидаты даражасына ээ. Алар теледебат учурунда таанышканы айтылат.
Булак: Турмуш