Печать
Категория: Коом
Просмотров: 163

 

Парламенттин «Кыргызстан» партиясынын депутаты Канат Исаев кечээ УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деген шек түшкөн.

 

Маалыматка караганда, депутат учурда 72 саатка камакка алынды. УКМКнын тергөө башкармалыгы депутаты камакка алууга санкция сурап сотко кайрылуу ниетинде турат.

 

     

 УКМКнын маалымат борбору кабарлагандай, Канат Исаевге козголгон кылмыш ишинин негизинде ал президенттикке талапкер Бабановдун активдүү колдоочусу. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен сүйлөшүп, массалык башаламандыкты уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга ниеттенген.