Адамдардан транспорттун саны көбөйгөн борбор калаабызда жолдо жүрүү күндөн-күнгө кыйынчылыкка айланууда. Айрым учурларда машина айдагандардын тыгында тургандыгын мындай кой, жөө жүргүнчүлөр деле жөнөгөн жагына өз учурунда жете албай азап чегишүүдө. Кыскасы, шаардыктардын кимисине болбосун жол көйгөйү нервди алган, стресске кабылган көрүнүш болуп жатат. Мындай чыңалууга чыдай албаган айрымдар жерге түшө калып мушташкан, ал тургай атышкан фактылар да катталууда. Өткөн жумада Бишкек шаарында жол талашкан эки айдоочунун бири экинчисин атып салды. 21-сентябрда И.Ахунбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Фит” жана “Мерседес” унааларынын айдоочулары жол талашып мушташа кеткен. Анын жыйынтыгында айдоочулардын бири тапанча менен каршылашына ок чыгарган. Натыйжада бирөөсүнүн ийинине ок тийип, ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Патрулдук милициянын кызматкерлери эки айдоочуну тең колго түшүрүп, учурда катталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү чаралар көрүлмөкчү. Албетте, күнөөлүү адам жазага тартылыш керек. Бирок шаар бийлиги жол тыгынын чечүүнүн бир айласын таппаса, мушташуу, атышууларды токтотуу кыйын го.
Булак: “Майдан. kg” гезити