Ооба, акыркы кезде санариптик берүүгө өтүп, телеканалдардын көптүгүнө баш адашкан заман орноду. Ошентсе да, ошол көптүн ичинде элге өз продукциясы, ээлеген позициясы менен таанылып, жактырып көргөн телеканалдар да Кудайга шүгүр, бар. Алардын арасында “7-каналдын” орду өзгөчө.

 

Мына, 7 жыл болуп калыптыр, бул телеканал ар дайым акыйкаттуулукту чагылдырып, калыс, бейтарап берүүлөрдү алып чыгуу менен өлкөдөгү алдыңкы телеканалдардын катарына кире алды. Баштап түштүк аймагында гана көрсөтүп келсе, санариптик доор башталганы бүт республикага таркатылып жатат. Ар кандай ракурстагы, көрөрмандын табитин таңдантууга багытталган программаларды даярдоо менен, “7-канал” жалпы эл сүйгөн телеканалга айланганы чындык. Буга албетте эмгек жамааттын, жетекчиси Алтынбек Жумаевдин, Бишкек өкүлчүлүгүнүн директору Каныбек Темировдун кошкон салымы абдан зор.

 

“7-каналдын” жети жылдык мааракеси өткөн дем алыштарда Жалал-Абад шаарындагы “Багира” ресторанында салтанаттуу маанайда белгиленди. Ага Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Улукбек Ормонов, Жыргалбек Саматов баш болгон саясатчылар, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган чиновниктер, “Каз Минералс Бозымчак”, Кыргызстандагы Америка университети сыяктуу телеканалдын дос-компанияларынын жетекчилиги, ийиндеше иштешкен журналисттер катышты.

 

Учурдан пайдаланып, “Майдан.kg” гезитинин эмгек жамааты “7-каналдагы” кесиптештерибизди бул мааракеси менен куттуктайбыз. Оңой көрүнгөн менен, азыркы экономикалык шартта бүтүндөй телеканалдын улам өнүгүп келе жаткандыгы жакшы көрүнүш. Азыркы ийгилигиңер мындан кийин дагы улансын, куттуктайбыз, урматтуу “жетинчи” кнопканын жамааты!

 

      

Булак: “Майдан.kg” гезити