Печать
Категория: Коом
Просмотров: 166

 

Коомдук ишмер Эдил Байсалов кыргыз өкмөтүн чехиялык “LiglassTradingCZ, SRO” компаниясы менен кабыл алган келишимин токтотуу зарыл дейт.

 

“Булардын чөнтөгүндө бир да тыйыны жок экенин башынан эле айтып келатабыз. Биздин шалаакы өкмөтүбүздү пайдаланып, контрактка кол койдуруп алып, Кыргызстандын атын сатып, 100 миллион долларлык киреше табам дегендер себеп таппай калганына күнөөкөр кылып мени дайындаса, анда буга сыймыктанам. Анткени мен өзүмдүн мекенимди чоң аферадан сактап калдым деп эсептейм. Булар менен айтышканга убактым да, алым да жок. Булар ким экенин билем. Мен түздөн-түз Сапар Исаковго кайрылып, келишимдин жокко чыгарылышын талап кылам”,- деди.

 

Аныгында «LiglassTradingCZ, SRO» компаниясы Жогорку Нарын ГЭС каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти кура тургандыгын шардана кылган. Бирок компаниянын каржылык абалы өтө оор экени алгач Чехиянын өзүндө, кийин Кыргызстанда байма-бай айтылган. 19-сентябрга чейин чех тарап орусиялык “РусГидронун” эсебине 37 млн доллар бермек, бирок кечээ алар Бишкекте маалымат жыйын куруп, иш жүрүп жатканын, бирок банктагы эсептери токтогонун, буга аларды сындаган кыргызстандык саясатчылар Эдил Байсалов, Феликс Кулов жана Темир Сариев күнөөлүү экенин айтып чыгышты.

 

“Байсаловду сотко берерибиз анык, Кулов, Сариев боюнча юристтер менен кеңешебиз”-деди компаниянын ээси Михаэл Смелик.

 

Кыскасы чуусу чубалган бул компания али бир топ жаӊылыкка тойгузат окшойт.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити