12 жылдан бери Москвада жашап, иштеп келаткан экс-президентибиз А.Акаев өз мекени тууралуу байма-бай маек берип, пикирин билдирип турат. Анын акыркы билдирүүсү бөтөнчө болду. Анда “Манас” аэропортундагы америкалык базанын Афганистандан героин ташуу максатында колдонулушу тууралуу жазган батыш журналисттеринин кебинде чындык бар деп эсептегендигин РИА Новости агенттиги менен маектешип жатып билдирген. “Авиабаза ар убак Афганистандагы коалиция аскерин камсыздап, өзүнүн баштапкы максатында иштеп келген. Америкалыктардын кайра кайткан жолунда эмне кылып келишкени биз үчүн табышмак. Балким героин ташып келишчүдүр, ким билет. Бул тууралуу батыш журналисттери жазышкан»,- деди Акаев. Анын айтымында, базанын жетекчилиги операциялардын баары тууралуу кабардар болуп турушу керек болчу. Героин ташуу аракеттерин Акаев четке какпайт, анткени биринчи президенттин пикиринде АКШ дал ушундай эле кадамдарга Латын Америкасында жүргүзүлгөн операциялары учурунда да барган. Ошол эле учурда Акаев АКШнын базадагы аскерлерин кыргыз тараптан көзөмөлдөөгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок болгонун белгилеген. Эгер башкалар айтса, ушак деп жокко чыгарсак болот эле. АКШ авиабазасын Кыргызстанга жайгаштырган мурунку президентибиз өзү айтып жатса, анда америкалыктардын “Манас” аэропортун маңзат базасына айландыргандыгы чын эле окшойт.
Булак: “Майдан. kg” гезити