Кыргыз кыз, келиндеринин Россия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн шаарларында башка улуттардын эркектери менен мамиле түзгөндүгү тууралуу коомубузда кызуу талкуулар жүрүп, талаш-тартыштарды жаратып келүүдө. Ал тургай өздөрүн “патриот” деп атаган кыргыз жигиттер ошол кыздарыбызды уруп, сабаган видеолор интернетке байма-бай жарыяланууда. Өткөн жумада ушундай окуя Бишкектеги Ош базарында болуп өттү. Анда башка улуттагы эркек менен кетип баратканы үчүн бир келин зомбулукка кабылган. Агрессивдүү маанайда сүйлөгөн жаран кыргыз кыздары башка улуттагы эркектерге кетип жатканына нааразы болуп, “мунун жашоосу бүтөт, муунтуп коем, балталап салам” деген сөздөрдү айткан. Дагы жакшы, жабыркаган келинди жанында соода кылып турган башка аялдар коргоп чыгышкан. Андан соң милиция келип, окуянын күбөлөрүн таяныч пунктуна алып кетишкен. Көрсө, 28 жаштагы кыргыз келини афган улутундагы жигит менен жетелешип бараткан экен. Ал тургай келиндин беш айлык боюнда бар экендиги да айтылууда. Азырынча жабырлануучу менен ал ээрчишип жүргөн чет элдик эркек жана буларга зомбулук көрсөткөн кыргыз жигит коё берилип, кылмыш иши козголо элек. Бирок коомчулукта аялзаты менен эркектердин ортосунда улуттук намыс жана ар бир аялзатынын ким менен мамиле түзүүнү өзү билери тууралуу талаш маселе күч алууда...
Булак: “Майдан. kg” гезити