Печать
Категория: Коом
Просмотров: 136

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди.


Анын айтымында, бүгүн 19-сентябрда кыргыз жана өзбек тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда "Баймак" чек ара бекети толук ачылып, иштей баштады.

 

Буга чейин 16-сентябрда өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругуна ылайык чек ара бекети кыргыз тараптан ачылганы менен өзбек жак техникалык оңдоого байланышуу убактылуу жаап турууну суранган.

 

5-сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке эки күндүк мамлекеттик сапар менен келип, чек ара боюнча өткөөл келишимге кол коюлган.

6-сентябрда Оштогу "Достук" бекетинде чектөөнүн алынышы салтанаттуу белгиленген.

 

Жалпысынан эки өлкө ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, 4 темир жол. Дээрлик баарында Кыргызстандагы 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин өтүү татаалдаган.