Жаӊы Өкмөт башчы Сапар Исаков өзүнө кеӊешчилерди тандоодо калыптанып калган стереотиптен качып, жаӊы нукка баш койгонун көрүп атабыз. Мурда бийликтен кеткен же саясый карьерасы жыйынтыкталган карт бөрүлөр кеӊешчи болуп келишсе бул ирээт дүйнөнүн абройлуу окуу жайларынан билим алган, жаӊы идеяга бай жаштар кеӊешчи боло баштады.

 

Маселен, Оксфорд университетинин студенти, экономика илимдеринин доктору Назик Бейшеналы коомдук башталышта премьер-министрдин кенешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Назик Бейшеналы – Кыргызстандын 200дөн ашык айыл чарба кооперативдерди бириктирүүчү Кооператив союзунун (биримдиктин) президенти. Анын демилгеси менен 2013-жылдан бери жыл сайын Эл аралык кооперативтердин форумдары өткөрүлөт. Өзүнүн  эмгек ишмердүүлүк жылдарында  КРнын НИСИнин директордун орун басары, КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын изилдөө жана эл аралык кызматташуу боюнча проректору, БУУнун КР Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын саясий маселелери боюнча кеңешчиси жана ошондой эле БУУнун системасында улуттук жана эл аралык конусультант катары эмгектенген. Учурда ал Англиядагы Оксфорд университетинде «Мамлекеттик саясат политика»  багыты боюнча билим алат. Экономика  илимдеринин доктору. Назик Бейшеналы 1979-жылдын 9-ноябрында Бишкекте төрөлгөн. Белгилүү коомдук ишмер, профессор, Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты Рахат Ачылованын кызы.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить