Ысык жактарда жашаган кайсыл бир элдин ырымы бар экен. Кимде-ким жаңырар жаңы жылдын алдынан апакай гүлдөр өскөн тоонун башына чыгып, ошол гүлдөрдөн үзүп келе алса, ал өмүр бою бактылуу болот дешчү тура. Бирок, ал тоо сыйкырдуу болгондуктан, киши буту басканда эле титирей баштап, эч бир жан чыга албай, улам эле кулай берчу экен.
Ошентсе да, жыл сайын жаңы жыл алдында тоого чыгам деген кыйындар пайда боло берчү. Бир жолу өз бактысын сынап көрүүнү чечкен үч дос да ошол тоого чыгууну эңсеп, бирок, алгач даанышман карыядан акыл сурап көрүүнү туура көрүшөт.
- Эгер, жети жолу жыгылсаң, сегизинчи жолу тургун,- дейт даанышман.
Ошентип, үч дос тоонун үч тарабынан тоого чыгып жөнөшөт. Бир сааттан кийин денесинин баарысы көгөргөн бирөөсү келип: "Карыя туура эмес кеңеш бериптир, мен жети жолу жыгылып, сегизинчи жолу ордуман туруп артымды карасам жолдун төрттөн бир бөлүгүн гана басып өтүптүрмүн. Ошондо артыма кайта бердим"- дейт. Эки сааттан кийин бутун араң сүйрөп, тамтыгы чыккан экинчиси келет да: "Даанышман бизди алдаптыр. Сегизинчи жолу туруп, артымды карасам жолдун үчтөн бирин гана басып өтүптүрмүн"- дейт. Ал эми үчүнчү жигит бир күндөн кийин колуна татынакай ак гүлдөрдү тутамдап келип калат. Денесинде эч бир урунган жери көрүнбөйт.
- Сен эмне, жыгылган жоксуңбу?- деп, таң калышат достору.
- Канча ирет жыгылганымды санаганым да жок. Бери эле дегенде үч жүз жолу куладым окшойт.
- Анда неге көгөгөн, тытылган эмессиң?
- Тоого чыгардан мурда, жыгылганды үйрөндүм,- деп күлөт ал.
Үчөөнүн бул сөзүн элдер аркылуу уккан даанышман:
- Балалык кылып сүйлөгөн үчүнчү жигит жыгылганды үйрөнгөн эмес, ал көтөрүлгөндү, ордунан турганды үйрөнгөн. Буюрса, бул жигит өз жашоосунда көздөгөн бийик-бийик максаттарына кыйналса да, сөзсүз жете алат!- дептир...
Абдиллабек Авазов,
Лейлек району, Булак: "Майдан. kg" гезити