Соңку жылдарда Сулайман Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексиндеги чыр таптакыр эле басылбай, тескерисинче, кайра ырбаган. Бирок, бул мекемеге Абдыкайым Кангелдиев башкы директор болуп дайындалгандан бери бул чатактын жана тирешүүнүн баары басылып, иш ыргагы мурунку нугуна кайра түштү. Мунун сыры эмнеде? А жөнүндө Сулайман Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору Абдыкайым КАНГЕЛДИЕВдин өз оозунан уктук.
- Абдыкайым мырза, Сулайман Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексиндеги чырдын кесепетинен чакан эмгек жамааты заматта экиге бөлүнүп-жарылып, жаатташып калышты эле. Буларды кайрадан жараштыруу ушул тапта дагыле башыңыздарды оорутуп жатса керек?
- Албетте, жашырып не, Сулайман Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексиндеги акыбал чынында эле мышык ыйлагыдай экен. Кырдаал өзү дал ошол чекке жетип калыптыр. Ошондуктан, мен адегенде элен өз ара тирешкен буларды кайрадан элдештирүүгө жана ынтымакташтырууга ык койдум. Муну үчүн калыс жана адилет башкаруу гана абзел экен. Алгачкы күндөн тарта өзүм дагы дал ошол жолго түштүм.
Мындан тышкары Сулайман Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде эмгектенишкен 98 кызматкердин ар бирине өз кулк-мүнөзүнө жана кесиптик дараметине жараша мамиле жасоого бекем ыктадым. Эң башкысы: буларды күн сайын рухий жактан абдан байытып, чарчабай иштегенге демөөр гана байлатып келатам. Кыргыздар бекеринен айтышпайт да, “Жылуу сөз деле жыланды ийинден чыгарат”.
- Айып этпесеңиз, айтып коюуга тийишмин. Мурда аткаруу бийлигинде жетекчи кызматтарды аркаладыңыз. Булардын аркасында эл менен ийиндеше иштешип такшалдыңыз. Эми гана мунун ыраатын көрөөрдө моминтип жакшынакай жумушуңузду таштап, түйшүгү түмөн ишке - Сулайман Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директорлугуна неге келдиңиз, ыя?
- Биринчиден, өлкөбүздөгү эң ири музей комплексинин ички
тартибин калыбына келтирип, эң башкысы эмгек жамаатынын ыктымакчылыгын моминтип бекемдедим. Анан музей комплексинин тышкы келбетин оңдоого дагы батыл кириштим. Экинчиден, ошол жамааттын көңүлдөгүдөй иштөөсү үчүн шарт түзгөнгө дагы батындым. Маселен, кызматтык телефондорду бүт корпоративдештирдим. Ошондой эле музейдеги ар бир бөлмөгө кызматтык телефон дагы орноттурдум. Мындан тышкары ар бир бөлмө заманбап эмеректер менен дагы жабдылып жатат.
- Абдыкайым мырза, Кыргызстандан булуң-бурчтарынан жана чет өлкөлөрдөн агылышкан конокторду Сулайман Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине байма-бай тартуу максатында экспонаттарды неге көбөйтпөй жатасыздар, ыя?
- Кантип? Чындыгында, Сулайман Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде экспонаттар дээрлик жетиштүү. Тилекке каршы, булардын баары эскирип бүткөн. Ошондуктан, алардын баарын чекесинен реставрациялап, кайрадан жаңылап жатабыз. Ошондой эле калктан жаңы табылгарларды кабыл алуунга дагыле улантуудабыз.
Жакын арада мобул Сулайман Тоонун боорунда дагы эки тарыхый үңкүрдү ачып, көрөрмандар сынына коймокчубуз. Бул өңүттө Сулайман Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин алдындагы Илимий Кеңеш менен сүйлөшүү жүрүп жаткан чагы.
Ушуну менен эле чектелбейбиз. Чет өлкөлөр менен карым-катышыбызды мындан дагы калыңдатууну көздөп жатабыз. Мисалы, жакында Өзбекстандын Нукус шаарындагы музейге атайын сапарлап, алардын шарты менен кең-кесири таанышып кайтмакчыбыз. Кыскасы, тажрыйба алмаштырып, ийгиликтерибиздин сырларын дагы бөлүштүрөбүз.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: "Майдан. kg" гезити