Эл арасында жана ММКларда коррупционер катары, байма-бай айтылып жаткан Бажы кызматынын орун басары Райым Матраимовду (“Райым-миллион же “хамелеон”) текшерген эч ким жок. Бул боюнча парламент жыйынында депутат Мурадил Мадеминов “Райым-миллион” аты менен таанымал Бажы кызматынын орун басары Раим Матраимовдун коррупциялык иштеринин схемасын ачыкка чыгарып, мамлекетти талап-тоноп жатканын трибунадан көтөрүп чыкты эле, тиешелүү органдар унчукпай кутулушту. Мадеминов азамат экен, эч тайманбастан эр-жүрөктүк көрсөттү. Болбосо “Райым хамелеондун” мамлекетти тоноп жатканын депутаттардын баары көрүп-билип турса дагы, ушул күнгө чейин парламенттен көтөрүп айтып чыгууга даай алышпады.

 

Кийин спикер Чыныбай Турсунбеков Кытайдан келген товарларды топурак деп киргизип жатат деп сындап чыкты. Анда да жооп жок, бул маселе кайра эле текшерилбей, көз жаздымда калды. Эгерде “Ата Мекен” партиясынын же башка партиянын өкүлү боюнча мындай айыптоолор айтылса, тез арада Коррупцияга каршы кызмат ишти көзөмөлгө алып, тиешелүү органдар иликтеп, комиссия түзүп, ишти текшерүүгө алышмак. Бул жерде эч кандай деле сыр жок окшойт, себеби “Райым-миллиондун” бийликтеги “крышалары” жана алардын ичинде эл арасында айтылып жүргөн башкы коргоочусу “шоопур” турганда бул эргулга кылмыш иши козголушу күмөн. Айтайын дегенибиз, учурдагы КСДП партиясы элдин талабын эмес, өздөрү “крышавайт эткен” коррупционерлерин коргоо менен убара. Эгерде бийлик чындап коррупция менен күрөшсө, эмне үчүн бир топ убакыттан бери коррупционер катары аты аталып жаткан Бажы кызматынын орун басары Раим Матраимовдун коррупциялык иштерин көзөмөлдөп текшерүүгө албайт?

 

Матраимовдор кланы

 

Матраимовдор коррупциялык жол менен тапкан жашылбайларынын аркасы менен кайсы бийлик болбосун тилин тапкандын чеберлери. Убагында Бакиевдер менен жакын мамиледе болуп, аларга кошомат кылып ымалашып жүрүшсө, учурда көмүскөдөгү бийлик ээсинин оозун майга-сүткө толтуруп, аны колго алып, анын аркасы менен учурдагы бийликтин тилин таап алышты. Учурда Матраимовдор акчанын күчү менен, кошоматчылык менен жогорку кызматтарды сатып алып, былк этпей олтурушат. Раим Матраимов 400 миң доллар ставканы төлөп, Бажы кызматынын орун басары болгону айтылып жүрөт, агасы Искендер Матраимов КСДП фракциясынан депутат, Тилек Матраимов Кара-Суу районунун депутаттарынын ар-бирине беш миң доллардан берип, аларды сатып алып, аким болуп шайланганы, дагы бир иниси Ислам Матраимов Финполицияда жооптуу кызматты жүз миң долларга сатып алып, иштеп жатканы айтылып келет. Мына ушундай туугандар, “Акчаң барда калтаңда, талтаңда да талтаңда”, - деген заман.

“Райым миллиондун” ийгилигинин сыры


Ошто бир канча жылдан бери бажы тармагын жетектеп турган Матраимов тууралуу түрдүү уу-дуу кеп көп.


Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун тымызын жаздырылып алынган телефондогу кайым айтышуусу да ушул Матраимовдун айынан чыккан.


Ал такай көмүскөдө жүрөт жана эл арасында “Райым миллион” деген каймана ат менен таанымал.


Райымбек Матраимов бул тармакка Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси, Оштун Кара-Суу районунан чыккан “кошелек” каймана аты менен таанымал Муратбек Малабаевдин жүгүрүп жүргөн кызматчысы, керек болсо Малабаев дегенде ичкен ашын жерге коё коюп кызмат кылган кошоматы аркылуу келгенин баары билет. “Кыргыз Ата” партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаевдин билдиришинче, ишин алгач айдоочу болуудан баштаган деген эл арасында сөз бар: “Ошол кездеги Бажы кызматынын жетекчи орун басары Муратбек Малабаевдин шоопуру болуп жүргөнүн уккам. Кыргызстанда белгисиз адамдардын бийликке келишине таң калуунун деле кереги жок. Чынында ал эмнеге “Райым миллион” деген атка конгонун билбейт экем. Кыргызстанда таза, чынчыл, жакшы адамдар бийликке келет деп күтпөй деле койсо болот. Баягы Ак үйдөгү аттуу-баштуу таасирлүү жетекчилеринин тымызын жаздырылып алынган телефон сүйлөшүүлөрү ачыкка чыгып, анын кантип Бажы кызматына жетекчи болгонунун жашыруун сырлары коомчулукка жарыяланып кетпедиби. Ошол боюнча иликтөө жүргөн жок. Бирок бул эртеби-кечпи ачыкка чыгат. Азыр Кыргызстанда таза иштеп, маңдай тери менен карьера жасаган адам бийликке келбейт”.

 

Атамбаев менен Бекназаровду айтыштырган бажычы

 

Төлөгөн Келдибаев апрель ыңкылабынан кийинки Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун тымызын жаздырылып алынган телефон сүйлөшүүсүн кеп кылып жатат. Анда Атамбаев менен Бекназаров кадр маселелери, тактап айтканда, Бажы кызматынын түштүктөгү жетекчисин дайындоо тууралуу кайым айтышканы белгилүү. Ошол мезгилде Максим Бакиевдин оң колу болгон, Раим Матраимов-хамелеонду иштен алуу боюнча сүйлөшүү жүргөн. Бирок ошого карабастан “Раим хамелеон” ордунан козголбой, креслосун сактап калган. Анын себеби катары “Раим хамелеон” ордунда калуу үчүн 400 миң доллар ставка бергени айтылып жүрөт.


Азимбек Бекназаров кийинчерээк сөз Райымбек Матраимов тууралуу болгонун тастыктаган. Ал ошол сүйлөшүүнүн таржымалын айтып берди: “Аны Бажы кызматынан революционерлер, азыркы губернатор Сооронбай Жээнбековдор кууп чыгыптыр. Ордуна башка баланы коюптур. Анан алар мага “Биз ушул баланы койсок, Матраимов Бишкекке барып 400 же 700 миң доллар берип, кайра буйрук чыгартып алыптыр, бул эмне кылганыңар”,- деп арызданып, Сооронбай ыйлаган. Мен анан Атамбаевге чалып, Сооронбай ыйлап атат, мындай болбойт да дегем. Ошол боюнча эле анан иштеп калбады, эми бул жакка орун басар болуп келди. Албетте, мунун баары акчанын күчү менен. Кийинчерээк ал баланы бир жолу көрдүм. Бою кичинекей эле бала экен. Ал бала өмүр бою эле “капчык” болуп, пул менен ишин бүтүргөн неме экен. Бардык бийликтин тилин тапкан, бул бийликтен да коррупционер шоопурду колго алганын, анысы “крыша” болуп, бул экөө ай сайын 50 млн. долларды сол чөнтөккө салып, мамлекетти-элди тоноп жаткан учуру”.

Ал эми кирешелүү кызматында жогорулаган Райымбек  Матраимовдун ийгилигинин сыры акчада деген пикирлерге Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бегалы Наргозуев да кошулат: “Ал жакынкы күндөрү күтүп турсаңар Бажы кызматынын төрагасы да болот. Анын ийгилигинин жалгыз сыры эле - ал дайыма президенттердин чөнтөгүн толтуруп жүрөт. Мурун Бакиевдин учурунда да, азыр Атамбаевдин учурунда да ушундай. Болгон сыры эле ушул. Бийлик өзгөргөнү менен салыктар көбөйгөн жок. Болгону бажы салыгы гана соодагерлердин эсебинен көбөйтүлдү. Бул тармактагы мурунку коррупциялык схемалар ошол боюнча калды”.


Бул маалыматтар Атамбаевге жетпесе керек. Эгер жеткен болсо коррупция менен аёсуз күрөшөм деген Атамбаев “Раим хамелеонго” эбак эле кылмыш ишин козгоп, буларды кустуруп, өлкө бюджетине опол тоодой акчаларды кайтармак. Эгер аларды кустурса, кайтарылган акчага Кыргызстандын 3,5 млрд. доллар тышкы карызынан кутулуп, калганына 100 мектеп, 100 оорукана, 100 бала бакча, 100 маданий жайлар курулуп, мындан тышкары пенсионерлердин пенсияларын, мугалим-доктурлардын айлык маяналарын көбөйтүп, бир топ социалдык муктаждыктар чечилмек. Ошол эле Коргоо кеңешинин мурдагы төрагасы Темир Жумакадыров реформатормун, коррупциялык схеманы жок кылдым деп төш какпастан, реформаны Бажы кызматынан баштабайбы? УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен Коргоо кеңешинин экс-төрагасы Темир Жумакадыров Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы ачыкка чыгарып, Райым хамелеонго окшогон коррупционерлердин өпкөсүн үзүп, мыйзам чегинде жазаласа биринчиден башкаларга сабак болмок, экинчиден Атамбаевге, бийликке аброй алып келмек.


Максимдин “ишенимдүү” адамы


XXI кылымдын коррупционери Раим Матраимов - “Раим хамелеон” убагында Максим жана Жаныш Бакивдердин түштүктөгү эң ишеничтүү адамдарынын бири болгон. Ар кимди акчанын күчү менен арбап көнүп калган жаңы, учурдагы бийликтин да тилин табууга түрткү болуптур. Ошто кайсы бир митингде Раим Матраимовдун “Атамбаев кетсин” деп тукуруп айтканы боюнча эл арасында ушул күнгө чейин айтылып келет.

 

Анын учурда бир топ ишкерлердин фирмаларын жаптырып, алардын үй-бүлөсүн багып жаткан ырыскысын тартып алганы тууралуу маалыматтар айтылып жүрөт. Мисал катары айта кетсек, 5 жыл мурун Жүк ташуучулар биримдигинин төрагасы Мырзамат аттуу жаранды Айдаров Зафар деген спортсмен баласы аркылуу ур-токмокко алып оюндан чыгарып жибергени тууралуу убагында маалыматтар тараган. Кийин бул ишти акчанын күчү менен басып койгону айтылган. “Сыныктан башканын баары жугат” демекчи, Раим Матраимов учурунда Акаевдин “кошелегу” Муратбек Малабаевдин жанында кошоматчы-кызматкери болуп жүрүп, коррупциялык схеманы кантип ишке ашырууну абдан өздөштүрүптүр. Кайсы бир “көк-бөрү” оюнунда Раим Матраимов өзүнүн үстүндөгү кымбат баалуу дубленкасын жердин ылайына карабастан Малабаевдин астына төшөгөнүн көргөндөр ушул күнгө чейин айтып жүрөт, “Мурат аке, сизге суук тийгенче мага суук тийсин” деген таризде чечип астына салган деп. Мына караңыздар акча үчүн жигиттик намысын сатып жаткан эргулдан мамлекет үчүн эмне жакшылык күтсө болот? Учурда КСДПнын аброю күндөн-күнгө түшүп бара жатканын туюп, “күн тийген жердин күкүгүндөй болуп” Келдибеков менен Мадумаровго, алардын жубайларына кымбат баалуу бриллиант белектерди берип, “эгерде бир нерсе болуп кетсе мени унутпаңыздар”- дегенсип тымызын соодалашып жатыптыр. Эгерде Алмаз Шаршенович “Раим миллиондун” коррупциялык иштеринин бетин ачууга белсенсе, мамлекеттик бюджетке бир топ сол чөнтөккө кеткен акчаларды кайтармак. Бирок эмнегедир Раим Матраимов тууралуу чуулгандуу нерселер айтылып жатса дагы президенттин унчукпай олтурганы эмнеси? Балким бул боюнча толук маалыматтар президентке жетпей жатабы?

 

Раим Матраимовдун “Райым миллион” аталышы

 

Буга чейин Раим Матраимов “Райым хамелеон” деп аталып келген, кийин Раим тар чөйрөдө отурганда алөпкөлөнүп, мактанып, мен заматта эле миллион табам, мага миллион табуу сөз эмес, мындан ары мени “Райым миллион” деп атагыла деп мактаныптыр. Ошондон бери “Райым хамелеондун” ордуна “Раим миллион” аталып калыптыр.


Раим Матраимовдун “коррупциялык” иштери боюнча Азимбек Бекназаров өзүнүн пикирин билдирди: “Сен негизи эң туура маселе көтөрүп жатасың. Мен муну 2010-жылы апрель айында айткам. Бакиев Ошко барганда 14-15 апрелде. Мен ошондо айткам, эй ушундай Матраимов деген бар экен. Ал экинчи “кошелек” экен деп Атамбаевге айткам. Анткени Атамбаев Бажы жагына куратор эле, эл аны ал деп жатат дедим, ал албай жүрдү. Мен принципиалдуулугуман буларды ээрчиген жокмун, анткени булар менден дагы коррупционер Раим Матраимовго мүмкүнчүлүк берди да. Бүгүн Матраимов түштүк региону боюнча КСДПнын мындайча айтканда “отвечалкасы”. Баарына жооп берет, акчанын күчү менен баарын алып жатат. Муну ким алып жүрөт? Мисалы, мен алып жүрө албайм, мен эбак айдап жибермекмин да, мен айтып жүргөндө ошол эле мезгилде парламентте олтурган Бабанову, Төрөбаеви, Чыныбайы, Текебаеви да олтурган, эмне үчүн алар ошондо мени колдошкон жок. Бүгүн эмне колдошуп жатат. Мен жараны чоңойуп ырбай элегинде айтып чыктым эле. Мен алты жылдан бери кызматка келген жокмун, ал эми Раим Матраимов болсо алты жылдан бери өсүп олтуруп Бишкекке келди. Анткени мага ошол учурда Бажы кызматынын кызматкерлери кайрылган, ТНП деп коёт, булардын коррупциясы мына ушул жерде. Биринчи кошелек Малабаев, Ширшовдордун схемасы. Кытайдан келет товар, мисалы ценный компютерлер келет дейли, булар анын ордуна кайдагы бир болбогон чүпүрөк деп коёт дагы, анан ошондон пошлинаны алып койот. А негизи закон боюнча ар бир компьютерден алыныш керек. Мына ушундай шылуундук жол менен миллион-миллион деген акчаларды жеп жатпайбы. ТНПдан алып койот шарт эле. Булар мынча топурак деп, ал эми анысы топурак эмес, башка баалуу нерсе. Топурак деп, чүпүрөк деп оформления кылышат. Ал эми анын ичинде ар бирине төлөнүүчү буюмдар да болушу мүмкүн же болбосо пакет менен алынышы мүмкүн. Мына коррупция таможняда ушул жерде жатат да. Булар ар бир айда планды кичине көбөйтүп коёт дагы, анан калганын жеп жашай беришет. Эгер бир нерсе болсо өткөн жылга караганда көбүрөөк төлөнбөдүбү деп кутулуп кетет. Мына ушундай коррупционер адам, ошолордой адамдар бийликте жүрүп жатат”.

 


Маалымат Алматай  Мухитовдун Фейсбук баракчасынан алынды.

Булак: “NazarNews.kg”