Парламент жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов айрым окуу жайлардын ректорлору студенттерди кысмакка алып атканын билдирди.
«Айрым жерлерде КСДПнын тарапташтары өздөрүнүн талапкерлеринен башкаларга бут тосуп атышат», - деп белгилеген депутат Жалал-Абаддагы университетте болуп аткан көрүнүштөргө токтолду.
«ЖАМУнун ректору студенттерди мажбурлап, КСДПнын президентине добуш бересиӊер деп атыптыр».
Эл өкүлүнүн айтымында, аталган аймакта дагы бир талапкер Бакыт Төрөбаевге каршы иштер жасалууда.
«Төрөбаевдин баннерин Кара-Дарыя айылынын башчысы алдырып салыптыр. Кара-Көлдө да Төрөбаевдин тарапташтары басымга дуушар болушкан», - деди ал.
Депутат административдик ресурсту колдонуу жакшылыкка алып барбашын белгиледи.