Орозо демекчи, орозо убагы бүткөнүнө карабай ооз бекитип жүргөн адамдар да болот эмеспи. Эмне үчүн?
“Карыз элек”- дешет. Кечээ жакында эки-үч тестиер бала Ак-Өргө жаңы конушунда жарамазан айтып жүрүшүптүр. “Ой, мурдуңду урайындар, орозо эчак эле бүтпөдү беле. Токтоткула жарамазан айтканыңарды, уят болот” десем, балдардын бири: “биз убагында жарамазан айта албай карыз болуп калган элек” деп жооп берди.
Орозбек БӨРҮГУЛОВ , Булак: “Майдан. kg” гезити