Жакында «Настояңее время» телеканалы жаңы премьер-министр Сапар Исаков менен маектешишкен. Премьер катары мамлекеттик резиденцияга көчүп барганына аз эле болгон Исаковдун азыр жашап аткан үйү жупунулугу менен айырмаланат. Коомчулуктун таң калуусун жараткан нерсе бул эмес. Исаковдун арт жагында эки муздаткыч турат.
Азыр Исаков жашап аткан үйдө бир кездерде Турдакун Усубалиев жана азыркы президент Атамбаев да жашаган. Эми бул үйгө Сапар Исаков менен анын жубайы жана үч кызы кожоюндук кылышат.