Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык мигрант кармалды. 21 жаштагы мигрант 15 жаштагы мектеп окуучусу менен жыныстык катнашка барган деп айыпталууда.
Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мигрант ушул жылдын январь айынан бери жашы жетелек кыз менен жыныстык байланышта болуп келген. Бул кыз медициналык текшерүүдөн өткөндө белгилүү болгон.
Бул иш боюнча кылмыш иши козголду.