Печать
Категория: Коом
Просмотров: 236

 

Экс-премьер-министр Темир Сариев соцтармактагы баракчасына чех компаниясы Liglass Trading тууралуу пикирин жарыялады.

Саясатчы аталган компания өз ишин баштабай атып эле, Кыргызстанга зыянын тийгизди деп эсептейт.

 

Айтымында, ГЭСтерди куруу боюнча чех компаниясы сунуштаган  чуулгандуу долбоор – бул мамлекеттик кызматкерлердин кызматын кыянаттык менен пайдалануусунун жана профессионалдуулук жоктугунун ачык мисалы.

 

«Мындай сынактарды өткөрүүдө башкы талап тийиштүү квалификацияга ээ компанияларды тандап алуу жана ачык-айкындуулук болуп эсептелинет. А чех компаниясын тандоодо бул эрежелер бузулду. ТИМ чех компаниясы иш тажрыйбага ээ эмес жана банкрот болгон деп эскерткен. Ага карабай компания тендерге кошулду.Компания сайтын түзө коюп, ага гидроэнергетика жаатындагы мурда ишке ашкан долбоорлору менен каржы ресурстарын жайгаштыра салды. Бул кайсы бир тараптын аталган компаниянын тендерден утуп алуусуна кызыкдар экенин билдирет», - деп жазган саясатчы.

 

 Ошондой эле премьер-министрдин «Эгер чех компаниясы акча которбосо, Кыргызстан залал тартпайт» деген билдирүүсүн калпка чыгарды.

 

«Жоготуу чоң болот. Жогорку Нарын каскадындагы ГЭС чуулгандуу болуп калат, азыр эле чуулгандуу болуп калды. Бул эларалык деңгээлге жетет»,  -деп белгилеген Сариев.