Печать
Категория: Коом
Просмотров: 325


 

Кашка-Жол айыл өкмөтүн жакындан билип, көрүп, көздүн карегиндей болгон айылдын четинен түшүп, токумдай жерин калтырбай дааналап таанышып чыгуу биринчи милдетим эле. Ошол себептен кыдырып бүтүп жакшы жыйынтыкка келдим. Айыл өкмөт беш айылдан турат, жалпысы 8011 жан жашайт. Эл арасында Кашка-Жол айыл өкмөтүндөгү жашоочулар тууралуу илгертен бери “түптөлгөн, тартипке түшкөн” делип айтылып келгендиги бекеринен эмес.

   

Азыр карп көрүп талаада, же башкача айтканда, элдердин үлүш жерлеринде токумдай жер какшып жаткан жок. Баардык үлүш жерлер мыйзам боюнча иштетилип жатат. Демек айыл өкмөттө бардык нерсеге анын жарандары ыймандуулук жана маданияттуулук менен мамиле жасап жаткандыгы көзгө урунат. Үлүш жерлеринде бештен-ондон бош жүргөн бодо малдар же жандыктар жокко эсе. Айыл ичинде быйылкы жаандын көп болушу эгиндин тушүмдүүлүгү элдин маанайын көтөрдү деп айтууга болот. Ошондой эле чөптүн көңүлдөгүдөй чыгышы, анын орулушу, жыйылышы бүгүн көзгө алейне көрүнүп турат. Кашка-Жол айыл өкмөтү райондо гана эмес, облустта, республикада да жакшы жагы менен белгилүү экендиги ачык даана айтылып келет. Кээ бир айылдарда токумдай жер талашып биринин үйүнө экинчиси кирбей калган учурлар болуп эле келсе, Кашка-Жол айыл өкмөтүндө мындай учур таптакыр болгон эмес. Мындай терс көрүнүштүн болбогондугу мурда иштеп кеткен башчылардын натыйжасы деп айтсак туура болот. Эми сөз кезегин Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Мээрбүгө буралы...

 

- Мен 1974-жылы Фрунзедеги Финансы-экономикалык техникумуна кирип атайын техникумдун айыл-чарба өндүрүшүндөгү бухгалтерлик эсеби боюнча кесипти 1976-жылы 3-июнда бүттүм. Аздыр-көптүр эки жыл ичинде биринчи орунда сабырдуулук деген сөздү жандуу тутуп жана кабылдап, түрдүү кемчилдиктерди жеңе билдим. Окууну бүткөндөн баштап ушул күнгө чейин октябрь 2017-жылы счёт какканыма жана эсепчилик сандар менен күрөшкөнүмө туура 46 жыл болот.

 

- Мээрбү, “сандарды түрлүү кылып өзгөртсө болот” деген эсепчилер арасында айтылып келет, буга эмне дейсиң?

 

- Туура бир санын он эки деп, төрт деп, сегиз деп, он деп, жүз деп, миң деп өзгөртсө болот. Буга барган жокмун.

Жумушчуларга айлык маяна чыгарганда түрлүү тескери көрүнүштөр болот. Ага дагы кошулууга дитим барбады. Айлык, кварталдык, жарым жылдык отчёттордо жүрөктү титиреткен көрүнүштөр болду. Ага дагы кошулбадым. Менден жогорку эсепчилер “Мээрбүнүн оозу бекем”,- дешип мени колдоп жүрүштү. Андай учурларды дагы күндөр, айлар, жылдар жутушуп, сиңирип кетти.

Бөлүмдө бир жарым жылдын ичинде бир оор иш болду. Аны бүтүрүү үчүн сотко кайрылыш керек эле, бул ишти дагы ак жүрөктүүлүк менен бүтүрдүк. Бул учурда мындай жолду таап, ошол жол менен жүрүп союз убагында бөлүмдүн кассасында дайыма акча үзүлбөй турчу эле. Бир жарандын башына бир иш түшкөн эле. Жарандын сөзүнө турган тууганынан түшүнүк кат алып кайрып берүүнүн жолун ойлоп кассир аркылуу болгон акчаны элдүүлүк кылып берип жаранды куткарып алдык. Бул мамилелер эч кандай жаман ишке алып барган жок. Алган акчаны убагында ордуна койду. Башыман дагы окуя өттү. Паланча миң сом бересиң деп кагазын, чегин тууралап кассир банкада калды. Мен “шашылып бөлүмгө бир киши келип чакыртып жатат” дегенинен бөлүмгө келдим, рас эле облустан бир киши келген экен. Ал киши ишин бүтүп кетти. Аңгыча кассир дагы мени чакырып, алып келген акчаны эсептешип коюңузчу дегенинен кирип эсептесек кыйла эле акча жетпей калды. Банкка кайра барып кассирге кирип эңкейгенде эле күлүп, “канча акча жетпей калды?”- деди. “Паланча миң сом”- дегенде унчукпай эле эсептеп берди. Бул дагы менин канчалык деңгээлдеги абийирим, же болбосо кадырым, сыйым десем болот. Менин өзүмө жаккан жактарым бар. Дайыма эрте турам. Ишиме өз убагында барам. Мага жогорку мекемелерден келген кагаздарды дыкаттык менен карап чыгып таанышам. Аларды ийгиликтүү турмушка төп келе тургандай жактарын эртеңкиге калтырбай аткарам. Айыл өкмөттүн эсеп-кысап иштери жөнүндө сөз тийгизбей келе жатканымы айыл тургундары даана билишет. Канча айыл өкмөттүн төрагалары менен иштештим. Биринин дагы катуу сөзүн укпадым. Тескерисинче, эже деп жүрүшүп азыр апа деп дагы жүрүшөт. Ушул жерде айтып койо турган бир нерсе, азыркы айыл өкмөттүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбек менен ата-баладай болуп иштеп жатабыз. Бул бала өтө маданияттуу, ар бир сөзгө түшүнгөн жигит экендиги бир эле мага даана көрүнбөстөн, айыл элдери дагы мактап жүрүшөт. Апа деп койгону мени ушунчалык ишке дилгирлентип койот. Өз кесибин сүйүп, аны жогору баалап турмуш менен байланыштырып иштесең, анын рахатын көрөсүң.

Союз мезгилинен бир үзүм айтпасам болбойт. Союз дагы жакшы мезгил эле. Жакшы менен жамандык жакалашып жүргөнү чын. Айрыкча желкозу деген балакет бар эле. Бул маселе үчүн кыйын учур болчу. Айрыкча раисполкомдун жыйынында айыл чарба башкармасынын жыйынында, райкомдун бюросунда желгозу маселеси каралып, ал маселе жыйындын катышуучуларынын үрөйүн учурган. Кээде айлык албай иштеген күндөрдү дагы көрдүк. Бул маселе боюнча жетекчи жакшы болсо, бүтпөгөн иш болбойт тура. Буга мисал катары Көкөев Саип акени айтсак болот. Саип аке иштин көзүн билүүдө жана аны бүтүрүүдө чоң көз ал адам эле. Чарбанын бардык ишин өз орду менен бүткөрөт эле. Мен айраң-таң калып жүрдүм, демек бардык иш жетекчиге көз каранды болот экен.

 

- Кырк алты жылда 552 ай бар. 16790 күн бар экен. Ушул айларды, же күндөрдө эсте калган кызыктуу окуялардан айтыңызчы.

 

- Айтып берейин. Техникумда окуп жатканда бир мугалим бар эле. Статистика боюнча бир топ сандарды жатка билишиңер керек деп талап кылчу. Ошол убакта экзаменде олтуруп беш салаама беш цифраны жазып алдым эле. Ошону көрүп калган агай мени экзаменден чыгарып жиберди. Бул мен үчүн өтө кечирилгис күнөө болду.

 

- Ушунча көп жылдын ичинде канча жолу сүйүндүңүз?

 

- Сүйүнүчтөр көп эле болду. Диплом алганда сүйүндүм, уулду болгондо сүйүндүм.

 

- Азыркы турмушка көз карашыңыз? Элде “кыз көрдү” деген салттуу сөз бар. Буга кошумчаңыз, же алымчаңыз.

 

- Мурда кыз көрүүгө жеңелери гана жеңил-желпи дастаркон жасап барып көрүп келчү. Азыр бир машина толо барып көпкө түшүрүп жатабыз. Мен мурункусун гана колдойм. Кийинки күндөрдө пикетке чыгуу, айрыкча 2005-жылдан бери ушул сөз орун очок алып калгандай болду. Бул саясий нерсе. Бул маселеге көп эле түшүнө бербейм. Башка бир одоно көрүнүш бар.. ал аял кишинин пикетчи болуп жан багышы кыргыз улуту үчүн уят.

 

- Китеп менен мамилеңиз кандай?

 

- Эми жаш өйдөлөп калды, ошентсе да “Кыргыз эл макалдары жана лакаптары” деген кичинекей китеп бар. Анда 2200 макал-лакаптар топтолгон. Ал китепти карап чыгып өзүмө көп нерсени кабыл алгандай жана ал китепчени тилсиз тарбиячы деп атап келем.

 

- Азыр коңшу менен коңшу, дасторкон менен дасторкон жарышабы?

 

- Бул иштин чындыгы бар. Жөнөкөй бир үйгө кирсем эрди-катын сөз талашып атыптыр. Коңшудан биз кем эмеспиз. Так ошол коңшулардай кылып мейман күтөбүз жана узатабыз.

 

- Эл мекемелерге эмне үчүн нааразы?

 

- Эл мекемелерге паракорлугуна нааразы. Азыркы турмуш абдан жакшы. Эл байыды. Дастаркон толо нан. Шириндиктер мөмө жемиштер караган көздү тайгылтат. Мейман күтүү аны узатуу жомоктогудай.

 

- Тойлор тууралуу эмнени айтасыз?

 

- Туура, той кыргыздын салттуу каадасы. “Той ар кимдин алына жараша өтөт” деген оюмду карманып келем. Дегеле адамдар бири бай, экинчиси кедей. Себеби, эмгекчил адамдар дагы эле жакшы жашап келе жатышат. Кедейлер жалкоо.

 

ххх

 

Андан ары каарманымы кабинетине калтырып Мээрбүнүн үйүнө түз эле бардым. Мээрбүнүн жолдошу Чүкүбаев Мамасали менен жолуктум. Тике суроо бере баштадым. Мамасали “ Мээрбүнү кудай мага куп жолуктурган. Башка сөз жок”- дейт. Андан ары айылдын кадырман кишилери жана аялдары менен жолуктум. Алар Кулбаев Адимитал, Бакиров Жамшит, Абидинов Абдибали, Бөкөева Шайыркан, Кошбаева Жамиля, Калмурзаева Замира, Таировдор болушту. Жогорудагы аты аталган кишилер, аялдар тууралу ооздорунан Мээрбү жөнүндөгү сөздөрү бал болуп баштыгыма толгондой сезилди. Айрыкча жөнөкөйлүгүн кайра, кайра кайталашты. Мээрбү бир топ шакирттерди да даярдады. Алар Алимбекова Бурма, Тыналиева Фарида, Абдрахманов Бекташ, Ражапова Гүлназ, Жусубалиев Акылдар. Алар эжесине келип рахматтарын айтып эле тек болбостон Мээрбүгө жолугушуп ден-соолугун сурашып турушат. Мээрбү эмгегинин үзурү боюнча айыл өкмөттүн, райондун кала берсе республиканын сыйлыктары менен мактоо баракчаларын алган. Мээрбүнү айыл өкмөттүн аймагындагы мектептерге түрлүү муктаждыктарына тыкыр жардам көрсөтүп турат. Айыл өкмөттүн карамагындагы ооруканага байланышып, аларды унутта калтырбайт. Алар тараптан иш боюнча зарыгып келишсе жок деген учуру болбойт. Алаканы дайым ачык. Айыл өкмөттүн аймагынан тышкары иштеген райондук акимияттын финансы бөлүмүнөн Үмөталиева Гүлмира, Сулубаева Айганыш дайым “эже” деп ооздорунан түшүрбөй айткан насаатарын эске тутуп, аларды иш практикасында колдонуп келе жатышат. “Өмүр берсе эжедей 46 жыл счёт каксак арманыбыз жок эле”- деп суусашат. Чүкүбаев Мамасали менен Асанова Мээрбү алты перзенттүү болушту. Үч уулу, үч кыздары бар. Алар баары турмуштан оорундарын табышкан. Алар эл катары отун өчүрбөй түтүндөрүн булатып келет. Аларга жараткан узун өмүр берсин деп Алланы оозунан түшүрбөй ардактуу эс алуудагы атасы Мамасали тилегени-тилеген.

 

- Союз мезгилинде бир адамга көрсөткөн жакшылыгымы айтпасам ич дартым ичимде калат. Күз айыл эле,- дейт Мээрбү. - Бешим болуп калды эле, алдына салып алып милиция айдап бара жаткан жаран ушул айылдан эле, аны көрүп өтө жаман акыбалда калып, бир аяштарыма барып “акчаңар барбы?” деп сурадым. Алар дагы “бар” деп жооп беришти. Мен катуу сурап, алардан жетпеген акчаны алып милициянын жанына келип сурадым.

 

“Акча болсо эле бошотосуңбу? Таштайсыңбы?”- деп сурадым. “Сөзсүз бошотом”,- деп жооп берди. Ал кишини бошотуп, үйүнө жиберип, мен милиция менен кошо районго келип тиешелүү жерге жетпеген акчаны төгүп, үйүмө келдим. Мына менин көрсөткөн жардамымын бир кичинекей үзүндүсү... Ошентип, 46 жыл ичинде көп эле жакшылыкты жасадым. Эми Токуш аба, мен мына бул жыгач счётума төрт куплет ыр жаздым эле. Ушуну кагазыңызга түшүрүп коюунузду суранам:

 

Жыгач счётума

 

Кырк алты жыл кагыпмын,

Кылыгыңа агыпмын.

Үстөлүмүн үстүнө

үйрөтүпмүн, багыпмын.

 

Жансыз да болсоң жолдошмун,

Жаным менен колдопмун.

Жаңылып ката кетирсем,

Жаңылдың деп оңдопсуң.

 

Жакын курбу болупсуң,

Жамандыктан корупсуң.

Жардамыңды унутпайым,

Жакын курбу болупсуң.

 

Уктасам кошо уктайсың,

Унчукпай келген куттайсың.

Түгөйүм болуп турасың,

Түнү-күнү мыктайсың.

 

Мээрбү Асанова ушул кезде дагы айыл өкмөттүн башкы эсепчиси болуп иштеп жатат. Мээрбү үй-бүлөң менен аман бол. Турмушуңда дайыма жакшылыктын жакшы курортторун аралап рахат алып жүрө бер. Өмүрүңө береке болсун!

 

 

Токуш Чолпонбаев,

Ардагер, Кыргызстан ардагерлеринин ардактуу сыйлыгынын ээси

Булак: “Майдан. kg” гезити