Печать
Категория: Коом
Просмотров: 205

 

Бишкекте «Азиз» базары өрттөнүүдө.

 

Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, өрт бүгүн таңкы саат 06:09да башталган. Болжол менен 07:42де өрт өчүрүүчүлөр  жалынды басаңдатууга жетишишкен.

 

Шаардын М. Ганди көчөсүндө жайгашкан аталган базардын административдик имараты жана складынын  600 чарчы метри  тилсиз жоодон жабыркаган. Өрт өчүрүү ушул кезде да уланууда.

 

Айрым маалыматтарга караганда, «Азиз» базары Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Алмаз Акматовго таандык. Базардын аталышы депутаттын кенже уулунун ысымынан коюлган.