Бул тууралуу Өзбекстандын өкмөтү билдирди.
Маалыматка караганда, тараптар чек ара тууралуу келишим боюнча макулдашуудан тышкары мамлекеттер аралык документке дагы тиешелүү сунуштарды даярдашкан.
21-августтан 31-августка чейин алгач Бишкекте, андан кийин Ташкентте чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуулары өткөн.
28-августта Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан менен чек аранын 84% макулдашылганын билдирген. Анын айтымында, 26 жылдан бери «көйгөйлүү» болуп келген чек ара маселеси учурда чечилүүдө.
Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзөт, анын 320 чакырымы тактала элек.