Печать
Категория: Коом
Просмотров: 170

 

Тажикстандын Көз карандысыз кесиптик кошуундар федерациясы Билим берүү жана илим министрлигинин 1-сентябрда окуу баштоо тууралуу чечими мыйзамга каршы келбей турганын билдирди.  Быйыл Билим күнү менен Курман айт бир маалга туш келүүдө.

 

Тажикстанда бул дата 1991-жылдан бери эс алуу күндөрдүн катарында.


Күн мурун Тажикстандын билим берүү жана илим министри Нуриддин Саид 1-сентябрда окуу башталары тууралуу буйрукка кол койгон.

“Курман айт үч күн майрамдалат, окуучулар менен студенттер аны ишемби жана жекемби күндөрү деле белгилөөгө үлгүрүшөт”,-деди министрликтин басма сөз катчысы Эхсони Хушвахт.

 

Министрликтин бул чечими социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратууда. Көптөгөн тажикстандыктар бийлик алардын конституциялык укуктарын бузуп жатканын белгилешүүдө.