Президент Атамбаев Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыркагандарды ушул убакка чейин эмнеге келип көрбөгөнүнүн себебин айтты. Бул тууралуу ал Ынтымак айылынын эли менен жолугушууда билдирди.
Айтымында, ал жабырлануучуларга келип кетчү убакытты аларга жардам берүүлөрдү көзөмөлгө алууга коротуптур.
«Мени абдан эле мактап атасыңар, кыязы, аким менен айыл өкмөтү сиздерди даярдап койгон окшойт. Бирок, ишенип койгула, сиздер үчүн абдан кайгырдым, ӨКМны чакыртып, премьер-министр менен күн сайын жолугушууларды сүйлөштүк. Акча топтоп анан келем деп ойлогом», - деди Атамбаев.
Белгилешинче, райондогу кырсыктагандарга чет өлкөлүк жарандар да жардам беришкен.
«Мен силерге берген акча бюджеттикки эмес, аны башка өлкөнүн 2-3 жараны берди. Мен алардын аты-жөнүн айта албайм. Мен аларга Кыргызстан кыйынчылыкка кабылды десем, акча беришти», - деди президент.