Астанадагы көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугунда биринчи орун үчүн Казакстан менен Кыргызстан беттеши казак оюнчуларынын жеңиши менен аяктады. Казак оюнчулары Кыргызстандын курама командасын 4:1 эсебинде жеңип алды.
Натыйжада Казакстан командасы көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болду. Кыргызстан экинчи орунду алып, күмүш медалга ээ болду. Үчүнчү орунга Кытайдын командасын 2:1 эсебинде жеңген тажик оюнчулары чыкты.
Мелдештин жыйынтыгы менен биринчи орун ээлери 10 миллион тенге (30 миң доллардан ашуун), күмүш медалдын жеңүүчүлөрү – беш миллион, коло байгени багындыргандар – үч миллион тенге алышты.
Астанадагы көкпар оюнуна 11 өлкөнүн 200дөн ашуун улакчылары келишти. Алардын арасында АКШ, Орусия, Венгрия, Ооганстан, Түркия, Өзбекстан жана Монголия оюнчулары бар.