Печать
Категория: Коом
Просмотров: 150

 

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз сессияга чогулушуп, жаңы өкмөт курамын бекитүү алдында турушат.

 

Кечке чейин жаңы өкмөттүн программасын угуп, ар бир бирин талкууга, айрым учурда өкмөт мүчөлөрүн бутага алып аткан депутаттар мындан ары да өкмөт түзүмүн талкуулоо керекпи, же кыскартып, токтотуу зарылбы деген маселеге кабылышты.

 

Депутат Акылбек Жапаров: «Жайы бою эс алдык. Өкмөт мүчөлөрү болсо баары жаштар экен, чарчашпайт, суроолорго жооп беришет.

 

Эгер алтымыш жаштагылар болсо, чарчашты деп айтат элек. Сессияга жөн чогулбадык да, суроолорду бере берели», - деди.

 

Депутат Алмамбет Шыкмаматов да: «Эки саат иштебей атып, чарчадык десек туура болбой калат», - деген оюп ортого салды.

 

Ал эми депутат Максат Сабиров эртең менен жаңы өкмөт курамын караган көпчүлүк коалициянын өкүлдөрү суроо беришпесин деген сунуш киргизди.

 

«Ошондо отуз депутат калат, алар кечке чейин суроолорун бергенге жетишишет», - деди депутат.

 

Акырында, ар бир фракциянын үчтөн депутатына суроо берүү мүмкүнчүлүгү берилди.