Печать
Категория: Коом
Просмотров: 192

 

Бул жигит азыркы кыргыз бийлигинин “алтын жаш кадрлар” деген элиталык касатсына кирет. Өзү ыр жазган чыгармачыл инсан. АКШ, Япониядан окуп келип, япон, англис тилдеринде да эркин сүйлөй алат. Динге да жакын болуп, беш маал намаз окуган такыба. Анын ушул инсандык касиеттери менен билим деңгээлин байкап калган президенттин акыл кошчулары алгач Аппаратта иштетип, андан соң “Ыйман” фондун жетектөөнү тапшырышкан. Бирок эмнегедир акыркы күндөрү дал ушул Кудайдын ишин колго алган диний фонддун тегерегинде Түркия берген ири суммадагы акча байланышкан бир топ өйдө-төмөн сөздөр айтылып келүүдө. Былтыр парламент жыйынында бир депутат кардаштар канча акча берип, ал кайсы максатка жумшалгандыгы тууралуу маалымат сураган болчу. Тилекке каршы эл өкүлүнүн бул соболуна ачык жооп берилгендигин уккан жокпуз. Жакында дагы бир басылма 5 млн. доллар дайынсыз жоголгондугун жазып чыкты. Бул ирет да ак же көк деген сөз айтылбады. Адатта мындай имиш чыкса баса калган текшерүүчү органдар да жымжырт. Албетте, биз Түркия президенти өзү бөлүп берген 20 млн. долларга жакын каражатты Н. Кадырбеков максатсыз пайдаланды деп далилсиз күнөөлөгүбүз келбейт. Ошондуктан депутаттар менен прессага чыгаша-кирешенин эсебин берип койсо, Кудай алдында деле жолу ачылып калар беле...

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити