Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы, Канжар Кадыралиевдин иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Буга нааразы болгон жабырлануучу ишкердин үй –бүлөсү президент Алмазбек Атамбаевден жардам суроодо. Акыркы үмүтү өлкө башчысында экендигин айткан Мирлан Жолдошев Канжар Кадыралиев сотторду чоң акчага сатып алып жатканын көзүнө жаш алып билдирди. Бул тууралуу маалымат жыйынында айтылды. Мирлан Жолдошев жети баланын атасы.
Ишкерлерден коркутуу жолу менен акча талап кылган деп айыпталып жаткан Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан 15-августта кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. Жабырлануучулар Кадыралиев кылмыш жоопкерчилигинен качууга аракет кылып жатат деп тынчсызданууда. Жабырлануучу Мирлан Жолдошевдин айтымында, Кадыралиев сотторду, күбөлөрдү жана тергөө кызматкерлерин акчага сатып алууда.
“Карызым көбөйүп, алар арыз жазабыз деп атышат. Бишкекке сотко келип-кеткенге да жол киреге каражатыбыз кетип атат. Кадыралиев үйүмдү да, кафемди да тартып алды. Мага саясаттын кереги жок. Кетирген чыгымымды сот аркылуу кайтарып алууну гана каалайм”, - дейт жабырлануучу Мирлан Жолдошев.
Жабырлануучу соттон сотко сүйрөлүп, чындык жок экенине көзү жеткенден кийин президент Атамбаевге кайрылууну чечкен:
“Урматтуу Алмазбек Атамбаев, билбейм, канча жолу сизге кайрылдым. Биз деле Кыргызстандын жараныбыз го. Же менин Кыргызстанда жашаганга укугум жокпу?! Же, соттор ачык айтышсын, силердин акчаңар жок экен, силердин ишиңерди карабайм деп, анда мен бир жолун таап өлкөдөн чыгып кетейин. Бийликтеги мөөнөтүңүз бүтөөрүнө аз калды, ушул ишти оңжагына чечип берсеңиз, жакшы иш кылган болоор элеңиз”, - деп Жолдошевдин үнү каргылданып, көзүнө жаш алды. Сөзүнүн аягында “Туура эмес сүйлөп алган болсом, кечириңиз”, - деп кечирим да сурады.