Печать
Категория: Коом
Просмотров: 361

 

УКМК ЦУМга бомба коюлду деп телефон аркылуу кабарлаган адамдын өздүгүн тактады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 20-августта болжол менен саат 12.30да Бишкек ШИИБинин күзөт бөлөмүнө белгисиз адам телефон чалып, ЦУМга бомба коюлганын кабарлаган.

 

 Имаратты текшерүүгө алышып, андан эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Телефон чалган адам иликтөөлөрдөн кийин 1990-жылы туулган С.Т. аттуу жаран экени маалым болгон. Учурда телефон террористине кылмыш иши ачылуу алдында турат.