Печать
Категория: Коом
Просмотров: 325

 

Кечээ, 17-августта Текебаевдин адвокаты Искен Афиджанов маалымат тараткан. Анда, саясатчыга жолугуу үчүн абакка барып, бирок, абак кызматкеринин «Текебаев эс алып атат, эч ким менен жолугууну каалабай турганын айтты», - деген сөзүнө ишенип, артына кайткан. Кечки саат 16:00 чамасында кайра барган.

 

«Көрсө, бул убакта Текебаев эс албай эле, Кыргызтесттен келген кызматкерге мамлекеттик тил боюнча сынак бериптир. Эмне үчүн БШК буга чейин Текебаевдин тест тапшыруусуна каршы болуп келип, эми гана жашыруун түрдө сынак алууга жол берди?» - деп суроо узаткан адвокат.

 

Мыйзам боюнча БШКнын мамлекеттик тилден талапкерлерден сынак алууга тиешеси жок. Бирок, кайсы бир талапкерге бийликтин машинеси каршы чыгып атканда, анын дөңгөлөктөрүнүн баары айланаары бышык. Андан улам, БШК "биз Текебаевдин тест тапшырганынан кабарыбыз жок болчу, жыйынтыгы келгенде гана билдик", - деп актанышпасын, ишенгендер аз. 

 

Ал эми бүгүн БШК Текебаевдин президенттикке талапкерлигин токтотуу боюнча маалымат таратты. Аталган мекеменин төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматовдун айтымына караганда, талапкерликти токтотууга башка себеп бар.

 

Белгилегендей, шайлоо мыйзамына ылайык, талапкер шайлоо фондусун ачуу менен ал жакка каражат которушу керек. Мындай эреже менен талапкердин шайлоо иштерине канча каражат жумшаганы ачык-айкын болуп турат. Ал эми Текебаевдин шайлоо фондуна бир сом да түшө элек. А бирок, саясатчынын тарапташтары  30 миңден ашуун жарандардын кол тамгасын чогултушкан.

 

«Кол тамга топтоого да калемсап, барак кетет. Фонддо бир сом акча болбосо, андай керектүү буюмдарды кайсы акчага сатып алышты?» - дейт А. Бегматов.

 

Ошентип, Текебаевдин президенттикке талапкерлиги дагы да талаштуу болуп калууда.