Печать
Категория: Коом
Просмотров: 190


 

Ушу тапта Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров аттуу «жылдыз» пайда болду. Угушубузда ИИМди Улан Исраилов эмес, так ушул Абдыкаров астын-үстүн кылып атыптыр.

 

Аталган тармактын лөктөрү бүт ушул жигитке кирип саламдашкан соӊ маселелери оӊ жагына чечилет экен. Абдыкаров менен саламдашпагандар же анын кабинетине учурашып барбагандар кызматтан улам биринин артынан бири учуп жатат дешет. Кыскасы, бул жигит келээрки министр мен болом деген дымакта тайраӊдап жатыптыр. Тагдыр ташы деген бар экенин унуткан окшобойбу. Баса, жыл башында “Азия Ньюс” гезити “Эки жыл мурун табышмактуу өлүмгө дуушар болуп, ага күнөөлүлөр табылбай келген студент кыз Камила Дүйшөбаеванын тагдыры боюнча кызык кептин учугу так ушул министрдин орун басары Данияр мырзага келип такалганы кандай?” - деген суроо салган. Бирок, орун басар Абдыкаров бул боюнча ооз ачып үн каткан жок. Андан бери жарым жылдан ашуун убакыт өттү. Адилеттүүлүк таразасынан Абдыкаров ак же көк деп туруп өтүшү керек эле. Бирок, андай болгон жок. Демек, унчукпаганы макул болгонубу? Бирөөнүн алмончоктой кызынын өлүмүнөн саясий интрига, саясий соода издегендердин арабызда жүргөнү өтө өкүнүчтүү.

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: "Майдан. kg" гезити