Печать
Категория: Коом
Просмотров: 142


 

Эмне деген коомдо жашап жатканыбызды түшүнүп болбойт. Бул бийлик дегениӊде эскиден сабак алуу деген таптакыр болбойт окшойт. Телефонго, электрге «доляга» олтуруп атып мурунку бийлик эмне болду эле? Эми баары бүтүп, коомчулукту ташып аткан троллейбустарга кезек жетиптир.

 

Карагыла, Ош шаарындагы троллейбус айдаган айдоочулар мурунку жумада иш таштап, баардыгы жумушуна чыкпай койду. Алар мындай кадамга троллейбустун ар бир каттамы үчүн 80 сомдон чогултууга каршы экендигин билдирип барып жатканын айтышат. Айдоочулар жөн гана иш таштадык деп басып кетпестен адегенде жетекчиликке кайрылышкан. Жетекчилик укпаган соң мыйзамдуу аракеттерди көрүп, 10-августта иш таштоо уюштураарын алдын ала мэрияга эскертишиптир. Ага да алдын ала эч кандай чара көрүлбөгөн. Качан «ириӊ» жарылган соӊ Ош мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмү чебелектеп, иш таштаган айдоочулар менен бир ымалага келип жатканын билдирди. Кызык, эй! Алдын ала кабарланган. Эмне үчүн ошондоле ымалага келүүнү мэрия ойлонгон жок. Ооба, бул жерде  шаар мэри А.Кадырбаевдин шалаакылыгы оркоюп чыга келди. Балким, 80 сомдон “доля" алуу Айтмаматтын же анын жогорку жагындагылардын демилгеси болушу ыктымал. Болбосо Айтмамамтка айтпай туруп «доляга» олтургусу келген келесоо киши мэрияда барбы? Уят, уялгыла!