Печать
Категория: Коом
Просмотров: 181

 

Атамбаев менен Текебаевдин тиреши жаңы башталганда, былтыр, 2016-жылы Текебаев өзүнүн мүлктөрүн маалымат булактарына шардана кылган. «Сен жедиң, мен жедим» талашына так чекит коюу максатында «Ата Мекендин» лидери журналисттерди мамлекеттен алган батирине жана салынып аткан хансарайына ээрчитип барган. Бирок, кыймылсыз мүлктөрү жубайы Айгүл Текебаеванын наамына катталганын да жашырган эмес.

 

2016-жылдагы тапкан кирешесин тизмелеген декларациясында да Текебаев өзүнүн атына катталган бир да мүлкү жоктугун ачыктаган. Бир жылда 987 000 сом айлык алганы көрсөтүлгөн.