Печать
Категория: Коом
Просмотров: 184


Быйыл Кыргыз Өкмөтү социалдык обьектилерди курууга бюджеттен 5,9 миллиард сом ажыратты. Мунун басымдуу бөлүгү мектептерди ремонттоого жана курууга гана багытталган. Бул туурасында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков быйылкы май айындагы Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн кесепетинен кыйраган социалдык обьектилерди калыбына келтирүү боюнча министрликтер менен ведомстволордун жүргүзгөн иши менен жеринде таанышуу маалында жар салды.

 

- Биз болочок муун-өлкөбүздүн келечеги үчүн кам көрүүнү ыраса күчөттүк. Андыктан, Чоң-Алай райондундагы кыйраган мектептерде тарбияланган жаш муундар эми заманбап типтеги салынган билим журттарында гана тарбияланышып, өз элинин, мамлекеттин келечеги үчүн ак кызмат кылат деп терең ишенем! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Сооронбай Жээнбеков.

 

Бул сапарынын алкагында Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Чоң-Алай районунун Шибээ жана Кулчу айылдарындагы ар бири 150 окуучуга эсептелген мектептердин капсула салуу иш чарасына дагы катышты. Жолугушуу маалында Чоң-Алай районунун зилзаладан жабыркаган жашоочулары ипотекалык насыялоо жана кирпич жеткирүү маселесин дагы байма-бай көтөрүштү. Убагында премьер-министр аталган көйгөйлөрдү чукул арада чечип берүүнү жергиликтүү органдарга катуу тапшырды.

 

Баса, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков соңку күндөрдө аймактарды ат тезегин кургатпастан кыдырып келатат. Мындай активдүүлүктү жергиликтүү серепчилер президенттик шайлоо менен гана тыгыз байланыштырып жатышат. Анткени, Сооронбай Жээнбеков бийликчил КСДП партиясы тарабынан президенттикке талапкер сыңары көрсөтүлгөн.