Борбор калаабыз акырындык менен болсо да өнүгүп, чыныгы мамлекеттин баш калаасына айланат экен. Бул багытта Бишкек мэриясы калааны 2017-2020-жылдарга чейин өнүктүрүү боюнча долбоорду коомдук талкууга алып чыкты. Анда алдыдагы жылдар ичинде шаарды жакшыртуу боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын аракеттери так белгиленген. Долбоордун программасы эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүккө долбоорду ишке ашырууга каражат табылгандар киргизилсе, экинчи бөлүккө каражат табыла электер кирген. Долбоордун биринчи бөлүгүнө киргендер:
- Муниципалдык 47 автотоктотуучу жайга акы алына турчу системаны киргизүү;
-10 бала бакча куруу;
- Электр энергиясын бир жылда жарым миллион киловатт саатка чейин үнөмдөө;
- Түштүк-батыш көрүстөнүн жабуу, жана маркумдарды көмө турчу башка жайларды кароо;
- Төрт паркты оңдоо;
- Бак-дарак отургузулган аймакты чоңойтуу;
- 90 чакырымдан ашык жолду оңдоо;
- 10 миң жаранды газга туташтыруу;
- Автобустардын санын көбөйтүү;
Экинчи бөлүк:
Азырынча күндүн энергиясын топтоочу гелиоколлектер долбооруна акча табыла элек. Андан сырткары, троллейбустун линиясын чоңойтуу, 600 лифтти оңдоо, бир катар театрлар үчүн костюмдарды тигүү долбоор боюнча турат.
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити