"Майдан. kg": Барсбек Кагандын айкелине “кол салуу” кыргыз элине гана эмес, бүтүндөй мамлекетке жасалган чыккынчылык болуп саналабы? Оштун ушу таптагы мэри Айтмамат акенин дагы кандай “демилгелери” элди жийиркентип жатат?
Алтынай Темирова: Барсбек баатыр ата-бабаларыбыздын, ыйык тарыхыбыздын символу!. Эстелик эң туура коюлган!.. Шаарга да абдан сонун жарашып турат! Байыркы Кыргыздар Алтайда эле эмес, азыркы Кыргызстандын аймагында да ошо кезде эле жашашкан, бул жөнүндө археолог-тарыхчыларыбыз эчак далилдешкен!..
Андыктан эстеликти алып салуу – Лениндин эстелигин алгандай нерсе эмес!.. Бул – элибиз ыйык туткан тарыхыбыз, аны которуу же алып салуу, талкалоо – өз тарыхыбызга балта чабуу!.. Андыктан бул ыйык символду жылдырууга эл каршы болуп атканы эң туура!.. Мен да колдойм. Жолду кеңейтүүнүн башка жолдору толтура.
Негизи, ичи тардык, көралбастык, тайыз түшүнүктөр элдик атуулдарда болбошу керек, андай иш жасагандар элдик адамдар эмес!.. Эл үчүн иштегендер мурунку көчтүн мыкты жактарын улап, жаман жактарын кайталабай иштеп кетиши керек, камчы салдырбай! Антпесе элдин каргышына жана каарына калат.
Андайларды тукургандар, колтугуна суу бүрккөндөр өздөрү да жакшы көрбөйт андай адамды, жөн гана убактылуу пайдаланышат, курал кылып… арты өзүнө жаман болот. Андан көрө башка чоң иштер менен, жаңы жакшы иштер менен алек болгону дурус, элге керектүү болгон, элге жетишпей аткан жаңы иштерди жасашы зарыл.
Барсбекке тийишүү – бул кыргыздарга жана кыргыз тарыхына чыккынчылык кылуу!!!