Мындай сунуш менен Ички иштер министрлиги Биринчи май райондук сотуна кайрылган.
Соттун чечимине ылайык, митингдерди өткөрүүгө болгон чектөө 1-августтан 20-октябрга чейин созулат.
Буга чейин сот имараттарына жакын жашаган шаар тургундары дагы нааразы болуп кайрылышкан. Анда жашоочулар дайыма болуучу митингдерден өз үйлөрүнө кире албай калгандыктарын, үн күчөткүчтөрдү колдонуп, урушуп-талашып тынчтык бербей жаткандарын айтып даттанышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин Биринчи Май райондук сотунун алдында экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушуп, аны бошотууну талап кылып келишкен.
Мындан сырткары, соттун имаратынын жанына депутат Өмүрбек Текебаевдин жана мурунку министр Дүйшөнкул Чотоновдун дагы тарапташтары келишип, нааразычылыктарын билдирип жатышкан.
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити