Печать
Категория: Коом
Просмотров: 163

 

2017-жылдын 1-августунда «24.KG» МАга «Ата Мекен» партиясынын өкүлүнүн маалыматы жарыяланган. Анда, өкүл партиянын тарапташтарынын бири, А. Юсуповдун мурдагы камералашы 31-июлда УКМК кызматкерлери тарабынан уурдалды дегендей айтылган.

 

Бирок, бул маалымат жарыяланаары менен бир катар таксисттер жана жүргүнчүлөр Нургазы Бакаевдин Нарын облусуна кеткенин көрүшкөн.

 

Ошондой эле кийинки күнү Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургундары аны ошол айылда болгонун айтышат. Бул айыл «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын катчылыгынын жетекчиси Т. Токтакуновдун кичи мекени.

 

Белгилей кетчү нерсе, Н. Бакаев терс сапаттары менен мүнөздөлөт. Буга чейин төрт жолу соттолгон, анын ичинде «зордуктоо» беренеси да бар.