Бүгүн Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровго карата сот өкүмү чыкты.
Судья Эмил Кайыпов экс-депутатты 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.
Жапаров 2013-жылы Каракол шаарындагы митингди уюштурууга катыштыгы бар деген айып менен жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абактан өтөй турган болду.