Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу небереси Башкы прокуратураны апасы Гүлнара Каримовага каршы жалган фактылардын негизинде кылмыш ишин козгоого айыптады.
Ал бул тууралуу 1-августта Би-Би-Синин өзбек кызматына берген маегинде билдирди.
28-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовага Кылмыш кодексинин алты беренеси боюнча айып тагылып, ага карата камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленгенин билдирген. 2015-жылы августта Ташкент облустук соту Каримовага беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.